E-coli 35 кишини мерт кылды

Германия саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ичеги-карындын e-coli илдетинен мерт болгондордун саны 35ке жетти. Дүйнөлүк саламаттык уюму бул илдетти жугузгандардын саны Европа, АКШ, Канада баштаган 14 мамлекетте 3200 кишиге жеткенин маалымдады.