Бахрейнде чоң демонстрация болду

11-июнда Бахрейндин байтакты Манаманын шиит калктуу түндүк батыш бөлүгүндө 10 миңден ашык адам катышкан демонстрация болду. Associated Press агенттигинин кабарлашынча, коопсуздук күчтөрү саясый реформаны талап кылган демонстрацияга көз салып байкап турду.
Февралда башталган анти-өкмөттүк толкундоолор учурундагы кагылыштарда 31 адам набыт болгондон кийин, султандыкта чукул кырдаал абалы киргизилген. Аскерий абал эки жума мурда токтотулгандан кийин Бахрейндин сунни жетекчилиге саясый жүрүштөргө уруксат берген эле.