Орусия Беларуска электр кубатын берүүнү кескин кыскартты

Беларустун билдиришинче, карыздарга байланыштуу Орусия электр берүүнү эки эсеге азайтты. Беларустун энергетика министрлигинин маалымат катчысы Людмила Зенковичтин айтымында, Минск Москвага 54 миллион доллар карыз.

Орусиядан келүүчү электр энергиясы Беларустун суроо-талаптарынын 10 пайызынан азын канааттандырат. Зенкович Орусиянын соңку кадамы Беларустагы керектөөчүлөргө залака алып келбейт деп сөз берди. Беларус Советтер Союзу кулагандан берки эң оор финансылык кризисти башынан өткөрүүдө.