Салыктан качкан Филиппин жараны камакта кала берет

Жогорку Сот салык төлөөдөн качкан Филиппин жараны Немоэл Балаганын иши карап, аны камакка алуу боюнча буга чейинки 16-майдагы Аламүдүн райондук сотунун токтомун жана 3-майдагы Чүй облустук сотунун аныктамасын күчүндө калтырды.

Балага Немоэл Дакайян негиздөөчүсү болуп саналган Аlехis Соrроrаtion жоопкерчилиги чектелген коомуна карата түшкөн арыздарга байланыштуу УКМКнын кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, 8 миллион сом өлчөмүндөгү салыкты төлөөдөн качкан фактыны аныкташкан. Жыйынтыгында Чүй облсутук прокуратурасы тарабынан иш козголуп, соттун чечими менен Немоэл Балага камакка алынган. Бул туурасында Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады.(AzK)