"Сейтектин" балдары Ысык-Көлдө эс алат

Кыргызстан профсоюздар федерациясынан “Азаттыкка” билдиришкендей, быйылкы жайкы каникул учурунда келишимдин негизинде “Сейтек” балдар борборунан 200 бала Чолпон-Ата шаарындагы “Ала-Тоо” эс алуу үйүнө барышат. Алар менен катар Бишкек гуманитардык университетинин эң мыкты окуган 40 студенти эс алууга барат. Июнь айында Казакстандын Тараз шаарынан 500 киши атайын эс алууга келет. (AzK)