Кыргыз-өзбек чегинде мыйзамсыз чыгарылып бараткан жүк кармалды

Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын чек ара аскер кызматынын маалымат кызматы билдирди. 9-июнда түнкү саат бир жарымда кыргыз-өзбек чек арасындагы Бостон аймагында Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз өтүп бараткан 1, 5 тонна тоок эти кармалган. Hyundai үлгүсүндөгү унаа менен эки кыргыз жараны жүктү алып чыгып кетүүгө аракеттенишкен.

Кармалгандар жүк менен кошо УКМКнын Жалал-Абаддагы аймактык бөлүмүнө тапшырылды. (AzK)