Бүгүнкү гезиттер аалам окуялары, анын ичиндеги Кыргызстан, саясат жана турмуш, өткөн окуялар, эл көйгөйү жөнүндө түркүн көз караштагы маалыматтарга кенен орун берди.
“Де-факто” гезити “Карынын сөзүн капка” сал деген рубриканын алдындагы ой-пикирлердин топтомунда өткөндөгү түштүк окуясын экинчи кайталабоо үчүн эртеңки күн жөнүндө көбүрөөк ойлонуу керектигин, кылымдар бою кыз алышып, кыз беришип, ага-ини болуп жашап келген Борбор Азиядагы бир тууган элдер, ансыз да заман бычактын мизинде кылтылдап турган учурда бири-бири менен ынтымакта жашашы, тынчтыкта жашашы, бала өстүрүп, бак тигиши аба менен суудай зарыл экендиги айтылган.
Мурдагы Башпрокурор Байтемир Ибраевдин маеги “Снайперлер чет өлкөдөн жалданбай эле өзүбүздүкү болуп чыкты” деп аталып, Байтемир мырза өткөн окуяларда Бакиевдер бийлигин сактап калуу үчүн ошол учурдагы ыкрдаалга таянуу менен бардыгына барышканын кеп кылды. 7-апрелдеги кан төгүүнү эстеген Байтемир тергөө учурунда чет өлкөдөн жалданып келген снайперлер болгон деген маалыматтар такталбаганын, тескерисинче Акүйдүн үстүндөгү да, ичиндеги да көзгө атарлардын баары өз жарандарыбыз болуп чыкканын, алар Улуттук Коопсуздук Комитетинин “Альфа” тобунун, мындан сырткары Жаныш Бакиев башкарган мамлекеттик күзөт кызматынын “Арстан” деп аталган тобунун снайперлери болушканын, мындан башка дагы көп нерселерди шардана кылды. Калганын “Де-фактодон” окуп алсаңыздар болот.
Гезитте ошондой эле депутат Марат Султанов, Оштун мэри Мелис Мырзакматов менен маек, укук коргоочу Рамазан Дырылдаевдин “Жаныш Бакиевдин наркотрафигин “гүлдөткөн” Токон Мамытов бүгүнкү патриотпу?” деген ат менен Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго жана депутаттарга кайрылуу каты, Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун окурмандардын суроолорго берген жообу жана башкалар бар.
“Айат” гезити гезиттин башкы редактору Жылдыз Мусабекованын “Жанышка жагалданып, Максимге мыелогондор” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачып, Бакиев батальону бүтүндөй кыргыз элин талап-тоноп, “Каркыраны” баш кылып, сатчусун сатып, атчусун атып, жечүсүн жеп, электр энергиясын кымбаттатып, карапайым калкты карайлатып, күнүн тезекке түшүрүп турганда кошоматка кой союп, Жаныш менен Максимдин жанында тайраңдап жүргөндөр бүгүн кайрадан атка минип, парламент трибунасынан ансыз да жарасы ырбап, карты бүтөлек жаткан элди түндүк-түштүккө бөлүп чыкканы кудайга жакпаган иш болуп жатканын, ошондуктан эс-акылга келип, этекти жыйып, алакандай кыргызды алтыга бөлөм дегенди унутуп, жападан жалгыз Кыргызстан үчүн иштеп, Кыргызстан жөнүндө ойлонуу керектигин жаны кашайып жазып чыкты.
Айтылуу саясатчы Топчубек Тургуналиев “Улуттук жаңы идеология, жаңы саясат керек” деген маегинде түштүктөгү калабалуу окуяга алып келген себептерди, алардын уюштуруучулары кимдер болгону, аты-жөнүн далилге тартып, эми экинчи бул окуя кайталанбашы үчүн “эмне кылуу керек?” деген суроого 7 беренден турган жоопту берди.
Ушул эле “Айаттагы” Акынбек Капаров аттуу автордун макаласы “Өмүрбек Текебаевдин ыры бүтүп баратабы?” деп аталды.
“Учур” гезити белгилүү саясатчылардын бири Мелис Эшимкановдун “Атамбаев же Султанов – президент, Кулов – премьер-министр, Текебаев спикер болсо...” деген ат менен маегин тартуулады. Маекте дүйнөлүк окуялар, жер силкинүүлөр, жердин бир жак бурчундагы өрт менен сел, Жакынкы Чыгышты каптаган “революция оорусу”, ак-карасы аралашып калган аалам, Кыргызстан жана кыргыз саясатчылары, жашоо, турмуш, кайгы менен канатташ күлкү, өмүр, өлүм жөнүндө кенен кеп кылды.
Баяндамачы Сабыр Муканбетов даярдаган “шумдугуң кур!” деген рубриканын алдында белгилүү саясат таануучу, Россия Федерациясынын Улуттук Ассамблеясынын депутаты Гейдар Джемалдын “Кыргызстанды жок кылуу саясаты каралууда” деген макаласы орус тилинде басылып чыкты. Анын айтымында Жакынкы Чыгыштагы жарандык согуш планынын экинчи бөлүгү боюнча согушу оту Борбор Азияда тутанаарын айтканын баскан “Учур” гезити: “Кокус ушундай болуп калса, өтө опуртал кырсык келатканын биздин мамлекетти башкаргандар билээр бекен, же бийлик-байлык талашуу кумарына берилип алган эмелер кара баштарынан башканы ойлогондон башкага чололору тийбей жатабы?” деген суроону койду.
“Параграф” гезити туризм боюнча маалымат таркатуучу Эларалык интернет портал дүйнөдөгү эң кооз 25 көлдүн катарына кыргыз көлү Ысык-Көлдү кошконун, буюрса дүйнөгө таратылган бул маалымат жакшы реклама болорун, анын аркасында кереметтүү көлгө келе турган эс алуучулар арбый тургандыгын билдирген кабарды басты. Мурдагы КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги кооз көлдөрдүн арасында Россиянын Байкал көлү, Армениянын Севан көлү, Эстониянын Пепси көлү гана бар. Маселен бул тизмеге Казакстандын бир дагы көлү кирген эмес.
Ушул эле “Параграф” гезити Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Азимбек Бекназаров эл ичиндеги сөз болуп, бирок ким экени айтылбай келаткан үчүнчү күчтөрдү атаганын, анын айтуусу боюнча үчүнчү күч дегендер - өкмөттүк эмес уюмдар, укук коргоочу уюмдар жана жеке укук коргоочулар болуп саналарын, булар үчүн Кыргызстандын мыйзамдары баары бир экенин, дал ушулар түштүктөгү калабаны изилдеген эларалык уюмдар менен сүйлөшүп алышкансып, кыргыз өкмөтү өзбек улутундагыларга карата туура эмес саясат жүргүзгөн деп айыптап чыгышканын белгилеп: “Кудай алдында карандай калпты айтып жатпайбы, болбосо качан, кайсы убакта кыргыз эли, кыргыз бийлиги өлкөдө жашаган өзбектердин укугун чектеди эле?” деген суроо койгонун жазды.
“Асман преss” гезити “маркум Мухтар Өмүракунов түптөп кеткен “Замандаш” партиясы түштүктөгү июнь каргашасынан набыт кеткендерге куран окутуп, элди мындан ары сабырдуулукка чакырды” деп,
“Камчыбек Ташиев Кара-Кулжага барып, тоолуктар ойлогондон 10 эсе көп жыйылып, депутат менен жолуккусу келгендер батпай калды” деп,
“Бишкек шаардык архитектурасы былгый баштады. Башкы архитектор Каныбек Нарбаевдин артынан көп кептер ээрчип, Бакиевдин аялы Татьяна Бакиевага Ата-Түрк паркынан үй курууга мыйзамсыз жер бөлүп бергени тууралуу далилдер бар экен” деп,
“Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Вена шаарындагы Эларалык форумда эки тилде – англис жана немис тилдеринде сөз сүйлөдү” деп маалымат таратты.
Ушул эле гезитке “Ата-Журттун” талапкери эмесмин” деген аталышта депутат Марат Султанов менен маек жарык көрдү.
Азиз Турсунбековдун макаласы “Бабанов менен Максим бизнести бирге жүргүзүшкөнбү?” деп аталса, Дайыр Орунбековго маек берген көз карандысыз эксперт Санжарбек Тажматовдун маеги “Кадыржан Батыров сеператист эмес” деп аталып, анда ал 90-жылкы окуяда чындап эле сеператизм болгонун, Кадыржан Батыровдун күнөөсү массалык башаламандыкты, этникалык карама-каршылыктарды уюштурганында экендигин, аны ушунусу үчүн соттош керектигин, бирок ал сеператист эместигин билдирип, Ош жаңжалына берген депутаттардын баасы саясый популизм болорун, байкаган кишиге депутаттарды каза болгон адамдардын тагдыры эмес, эртеңки президенттик шайлоо көбүрөөк кызыктырарын белгиледи.
“Айгай пресс” гезити Жолдошбек Токоевдин “Чоң казат” деп аталган макаласын жарыялады. Автор Кыргызстанда президенттик жарышка аттангандардын тымызын күрөшү башталганын кабарлап, президенттикке жарышка түшөт деген саясатчылар Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Марат Султанов, Аликбек Жекшенкулов, Алмазбек Атамбаев, Акылбек Жапаров, Темирбек Асанбеков тууралуу жазып чыкты. Аттары аталган саясатчылардын эл ичиндеги кадыр-баркы канчалык экендигин кайрадан бир ирет калктын эсине салды. Аягында, кыргыз эли бүгүн чындап эле жолбашчыга суусап турганын, эгер непадам эли-жерин жүрөгү менен ойлогон, анын кайгысы менен кайгырып, кубанычы менен кошо кубанган адам келсе өлкө өнүгүп-өсөрүн, кокус кайра эле түндүк-түштүккө бөлүп, “өз корообуздан гана кочкор салабыз” өңдүү сасык саясатыбызды жүргүзө берсек анда жакында жыргабасыбызды баса белгилөө менен макаласын жыйынтыктады.