НАТО Ливияда операциясын Каддафи бийликтен кечкиче уланта берет

Бүгүн Брюсселде альянска мүчө 28 өлкөнүн Коргоо министрлери биргелешкен билдирүүсүндө Муаммар Каддафи “бийликтен кетиши керек” дешти. Бул үчүн канча убакыт талап кылынса, эл аралык аскерлер Ливиядагы операциясын ошончо мезгил уланта берээри айтылды. НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Ливияда элди Каддафинин режиминен коргош үчүн башка мамлекеттерди да аскер жиберүүгө чакырды.