АКШ жана Кыргызстандын ортосунда эки тараптуу кеңешмелер өтөт

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлагандай, 9-10-июнда Вашингтондо кыргыз-америкалык жыл сайын өтчү эки тараптуу кеңешмелер уюштурулат. АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча орун басары Роберт О. Блейк жетектеген эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев баштаган өкмөттүк делегация Мамлекеттик департаменттин жогорку өкүлдөрү менен жолугат. Анда демократияны жана аймактык коопсуздукту колдоо, экономиканы өнүктүрүү жана адам укуктарын сыйлоо багытында кызматташуу багыттары белгиленет.(AzK)