“Бир дүйнө - Кыргызстан-2011” кинофестивалына тасмалар тандалууда

Бул туурасында “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору кабарлады. Кечээ Бишкекте өткөн “Бир дүйнө - Кыргызстан- 2011” фестивалынын алдындагы алгачкы жолугушууда фестивалдын программасы талкууланды. Долбоорунун жетекчиси Фарида Абдылдаеванын билдиришинче, сынакка катыша турган тасмалар тандалып бүтүп калды. Мыкты деп табылган тасмалар быйыл күздө көпчүлүктүн сынына коюлат. Фестивалдын максаты - дүйнө жүзү боюнча адам укуктары темасына искусство аркылуу кайрылуу болуп саналат. Бул эл аралык кинофестивалга поссоветтик жана жакынкы Европа өлкөлөрүнүн кинолору катышып келет. (AzK)