БУУ Түркмөнстанда кыйноо кеңири жайылганын аныктады

Бириккен Улуттар уюмунун Кыйноого каршы комитети өлкөдө кыйноолор жана башка оор мыйзам бузуулар көп экенине терең тынчсыздануусун билдирди. Жаңы отчетунда комитет Түркмөнстанды кыйноого жана башка мыйзам бузууларга күнөөлүү адамдардын жазаланбай калышына жол бербөөгө, мындай учурларда ошол замат, бейтарап, терең иликтөө жүргүзүүгө чакырды.