Сирия өкмөтү куралдуу кол салууга жооп берерин эскертүүдө

Сирия өкмөтү куралдуу кол салууга каршы “катаал чаралар” менен жооп берерин өлкөнүн түндүгүндөгү окуядан кийин эскертти. Өкмөттүн ырастоосунда, куралдуу адамдар коопсуздук күчтөрүнүн 120дай өкүлүн мерт кылып кетишкен. Дүйшөмбү күнү Жиср-эш-Шугур деген шаарда болгон кол салуунун чоо-жайы анык эмес. Сириянын бийликтери чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн өлкөдө иштөөсүнө тыюу салган.

Оппозиция активисттеринин айтымында, алар өкмөт президент Башар ал-Ассадга каршы чыккан демонстранттарды басууну күчөткүдөй шарт түзүүдө деп чочулашууда.

Франциянын тышкы иштер министри Ален Жюппенин билдиргенине караганда, президент Ассад Сирияны башкаруу укугун жоготту. Франция Орусиянын каршылыгына карабай, БУУнун Коопсуздук кеңешине Ассаддын режимин айыптаган резолюция долбоорун алып чыгууга даяр. Сирияда март айынын ортосунан тарта нааразылык акциялары башталгандан бери укук коргоочулардын айтымында, 1000ден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.