Кыз-келиндердин волейбол боюнча чемпионаты өтүүдө

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында Кыргызстандын чемпионаты үчүн кыз-келиндер арасында волейбол боюнча таймаш өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык региондорунан келген 10 команда катышууда. Оюн 10-июнда жыйынтыкталат. Волейбол боюнча кыздар арасындагы мелдеш жыл сайын өткөрүлүп келет.(AzK)