Нарында мугалимдер көчөгө чыкты

Нарын шаарындагы мектеп мугалимдери бүгүн облустук акимчиликтин алдына нааразылык акциясын өткөрдү. Мугалимдер категория алынып калып, маяна аз чыгып калганына нааразылык билдиришти. Болжол менен нааразылык иш чарасына шаардагы ар кайсы мектептерден жалпысынан 500 чакты мугалим катышты.

Митингге чыккан мугалимдер алар менен облустук бийликтин өкүлдөрү жолугушуп, маселе эки күн ичинде иликтенээрин айткан соң тарап кетишти.(ErB)