Кыргыздын улуттук кийимдеринин көргөзмөсү өтөт

Бүгүн Тарых музейинде XIX кылымдын аягы жана XX кылымдын башындагы кыргыздардын улуттук кийимдеринин көргөзмөсү ачылат. Музейден маалымдашкандай, бул кийимдер 1920-жылдардын аягында чогултулган. Анда жүндөн жана териден жасалган аял-эркектин кийимдери коюлмакчы. Бир катар жаштар уюмдарынын демилгеси менен Кыргызстанда ушул жылы май айынын башында улуттук кийимдер жумалыгы өткөн болчу. (КЕ)