Соңку аптада күйүүчү майдын баасы дагы кымбаттады

Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттик билдирүүдө. Маалыматка ылайык, Аи-80 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 30 тыйынга, Аи-94 үлгүсүнүкү 40 тыйынга чейин көтөрүлгөн. Ал эми дизелдик отундун баасы 20 тыйынга чейин жогорулаган. Мындан тышкары буудайдын жана эттин бааларында да бир сомдун тегерегинде жогорулоо катталды. (KKs)