Ош шаарында 9-10-июнь күндөрү той-топур өткөрүлбөйт

Ош шаар мэри Мелис Мырзакматовдун токтомуна ылайык, июнь коогасынын жылдыгын эскерүү учурунда, 9-10-июнь күндөрү шаарда той-топур өткөрүүгө, ичимдик сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан “Азаттыкка” кабарлашты. Бул күнү Кыргызстан боюнча июнь коогасынын курмандыктарын эскерүү иш-чаралары өткөрүлүп, административдик мекемелерде желектер түшүрүлөт.

Өткөн жылы июнь Ош жана Жалал-Абад аймагында болгон окуяларда 430дан ашык адам мерт болуп, 2200дөй адам жаракат алган. (KKs)