Йемен президенти жараат алды

Санаа шаарындагы мамлекеттик резиденциясынын жанындагы мечитти аткылоо учурунда Йемен президенти Али Абдулла Салех оппозиция тарапкерлеринин огунан жараат алды. Бийликтин маалыматына караганда, жараат президенттин өмүрүнө коркунуч келтирбейт.

Президент Салех менен кошо премьер-министр, парламент төрагасы баштаган бир нече бийик даражалуу кызматкерлер жараат алганы айтылууда. Премьер-министрдин коопсуздук жана коргонуу боюнча орун басары оор абалда догдурга жаткырылган. Окуяда президенттин төрт сакчысы өлгөнү кабарланды.