АКШ ирандыктын өлүмүн бейтарап иликтөөгө чакырды

Иран оппозициясынын мүчөсү 54 жаштагы Халек Сахабинин өлүмүн АКШ Иран бийлигине жүктөдү. Мамлекеттик департамент киши колдуу өлүм деп шектелип жаткан бул окуяга көз карандысыз иликтөө жүргүзүү керек деп эсептөөдө. Иран бийлиги АКШ дооматын төгүндөөдө. Халек Сахаби 2009-жылкы президенттик шайлоонун жыйынтыктарына байланыштуу нааразылык акциясынан кийин камалган. Өлөрдөн мурда ал атасын акыркы сапарга узатуу расмисине катышуу үчүн түрмөдөн бошотулган.