Жогорку Кеңеш: Салахуддиновду ким бошоткон?

Бүгүн Жогорку Кеңеште "июнь коогалаңын уюштургандардын бири" деп айыпталып жаткан Жалаллидин Салахудинов ким тарабынан бошотулганы тууралуу талкуу уланды. Анда июнь коогасынан кийин баш прокурордун милдетин аткаруучу болуп иштеген Байтемир Ибраев түшүндүрмө берди. Июнь коогасында "массалык башаламандыкты уюштургандардын бири" деп айыпталган өзбек маданий борборунун жетекчиси Жалаллидин Салахудиновго 21-июнда Башкы прокуратура тарабынан иш козголгон. Бирок андан кийин ал УКМКнын тергөө абагынан белгисиз жагдайда эркиндикке чыгып кеткен.

Бул тууралуу жөндүү жооп берилбегенден кийин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Токон Мамытов коогада 427 киши каза болгонун эске салып, УКМКга шылтабай Салахудиновду бошотуу чечимин Башкы прокуратурада кабыл алынганын Ибраевге моюнга алышы керектигин сунуштады.

“Ата Журт” фракциясынан депутат Камчыбек Ташиев Ж.Салахудинов кандай жагдайда бошотулганы тууралуу Башкы прокуратурага териштирүү жүргүзүү сунушун киргизди. (EK)