Катуу шамалдан жабыркаган таластыктарга шыйпыр жөнөтүлдү

Чукул кырдаалдар министрлиги катуу шамалдан жабыркаган Талас облусуна 4 миңден ашуун даана шыйпыр жөнөттү. Аталган министрликтин маалымат кызматынын билдиришинче, жакынкы күндөрү дагы ушундай жардам көрсөтүү каралууда.

Таласта май айында катуу шамал болуп үйлөрдүн шыйпырын учуруп кеткен, бак-дарактар кулап, там-ташты басып калган фактылар болгон. (EBM)