Беларус Валюта корунан жардам сурады

Өкмөт башчысы Михаил Мясниковдун билдиришинче, улам тереңдеп бараткан финансылык кризисти тизгиндөө үчүн Беларус Валюта корунан 3 жарымдан 8 миллион долларга чейинки өлчөмдө карыз алууга үмүттөнүп жатат. Валюта кору бул тууралуу маалымат бере элек. Билермандардын айтымында, Беларуста кризис өткөн жылдагы президенттик шайлоонун алдында мамлекеттик чыгымдар кескин көбөйгөнүнө кошул-ташыл болуп, Орусия энергияга бааны көтөрүп жибергенден улам чыкты. Президент Александр Лукашенконун өкмөтү өткөн айда улуттук валютаны үчтөн бирине арзандатууга мажбур болуп, өткөн аптада күнүмдүк керектелүүчү тамак-аштын бааларын көтөрүүгө тыю салды.