Отунбаева: Балдарды толеранттуулукка үйрөтүшүбүз керек

Бул тууралуу президент Роза Отунбаева бүгүн Ош шаарында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган иш-чара маалында билдирди. Өлкө жетекчиси мамлекет башчыларынын балдар алдында чоң милдеттери бар экенине токтолуп, окуу китептери менен камсыздоо, компьютердик класстарды ачуу, балдар аянтчаларын куруу сыяктуу иштерди алып барышы керектигин айтты. Президент ата-энелерге кайрылып, балдарды адеп-ахлак жактан тарбиялоого көбүрөөк көңүл бурууга жана кичинесинен тартып достукка, толеранттуулукка, өз ара сыйлашууга үйрөтүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Отунбаева Ошко иш сапары менен бүгүн барган. (КЕ)