Таалайбек Аяркулов Мамлекеттик мүлк министрлигин убактылуу жетектемей болду. Бул маалыматты “Азаттыкка” өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов тастыктады.
Кечээ, 31-майда “Кыргызмунайгаз” ишканасынын тегерегинде өкмөттө жыйын өтүп, Маммүлк жана Жаратылыш ресурстары министрликтеринин, Жалал-Абад обладминистрациясынын иши сынга алынган. Атамбаев алардын кетирген катачылыктары “Кыргызмунайгаздын” тегерегиндеги окуяларга себепчи болду деп белгилеген.
Буга чейин “Кыргызмунайгаз” эмгек жамааты ишкананын мурунку директору Каныбек Масировдун мыйзамсыз кызматтан алынганын айтышып, маммүлк министри Нурдин Илебаевдин кызматтан алынышын талап кылышкан. 31-майда алар Ош-Бишкек жолун бууп, кайра ачышкан болчу. Ал эми аталган ишканага Жеңишбек Жумашев бир айга дайындалган. (КЕ)