Президент Роза Отунбаева Ошко барат

Бүгүн президент Роза Отунбаева иш сапар менен Ош облусуна барат. Маалыматка караганда, Отунбаева аймактагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат. Кара-Суу районундагы балдар үйүнүн абалы менен таанышат. Президент Р.Отунбаева былтыркы коогалаңда жабыркаган Ош шаарындагы “Семетей” кинотеатрынын ачылыш аземине катышмакчы жана өзү окуп кеткен Киров мектебинде болот. (EBM)