Орусия Ливияга адистерди жиберүүгө даяр

Кремл өз адистерин Триполиге жиберип, Каддафинин уулу менен неберелеринин өлүмүнүн чын-төгүнүн билүүгө даярдыгын ТИМдин расмий өкүлү Александр Лукашевич билдирди.

Буга чейин маалымат каражаттарында Триполиде НАТОнун бомбалоосунан Каддафинин уулу менен үч небереси өлгөнү айтылган.