Боом капчыгайындагы жолду оңдоого 1 млн. доллар керектелет

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин жыйынында транспорт жана байланыш министри Эркин Исаков билдирди. Анын айтымында, 1 млн. доллар Боом капчыгайындагы төрт катар чоң жолду курууга керектелет. Ал эми Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун калган бөлүктөрү 700-800 миң долларга бааланууда. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)