Отунбаева менен Воллебек “Коомдук коопсуздук демилгесин” талкуулады

Бүгүн президент Роза Отунбаева Европадагы коопсуздук жана кызматташтык (ЕККУ) уюмунун улуттук азчылык иштери боюнча Жогорку комиссары Кнут Воллебек жетектеген делегациясын кабыл алды. Жолугушууда ЕККУнун “Коомдук коопсуздук демилгеси” долбоорун ишке ашыруунун жана Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү жөнүндө сөз болду. Ошондой эле этностук өнүгүү жана коомдун консолидацияланышы концепциясына байланышкан маселелер сүйлөшүлдү. Мамлекет башчысы өлкөдөгү коомдук-саясий абал жана бейпилдикти, этностор аралык ынтымакты бекемдөө максатында көрүлгөн чаралар туурасында айтып берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)