АКШнын Мамлекеттик департаменти ишембиде сексуалдык азчылыктын активисттеринин парады күч менен таркатылганына тынчсыздануусун билдирип, орус бийликтерин мындан ары жарандардын эркин жыйналууга укугун коргоого чакырды. Департаменттин өкүлү Марк Тонер Москвада милиция гей-параддын жактоочуларын да, ага каршы чыккандарды да кармаганын, алардын арасында АКШнын жараны да бар экенин билдирди.