Аба ырайы: Тоолуу аймакта нөшөр жамгыр жана сел жүрүшү күтүлөт

Кыргыз гидромет борбору 29-майдан 1-июнга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөрүн эскертет.

29-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 29-майда күндүз жана 30-майда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Шамал батыштан, ылдамдыгы 4-9 м/с, кээ бир райондородо 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.