Ишкерчиликти текшерүү мөөнөтү азайтылууда

“Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, эми Кыргызстандагы жогорку деңгээлде кооптуу делген ишканалар жылына бир жолу, орто даражадагы ишканалар үч жылда бир жолу, ал эми ишенимдүү ишкерлер беш жылда бир жолу текшерүүгө алынмакчы. Бул тууралуу Экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташпаев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Мындан тышкары бир жолку текшерүүнүн мөөнөтү ири ишканалар үчүн 30 күндөн 15 күнгө чейин, ал эми чакан бизнестин субъекттери үчүн 5 күнгө чейин азайтылмакчы. Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. (KKs)