Беларуста президенттикке экс-талапкерлер соттолду

Беларуста президенттикке мурдагы талапкерлер Михаил Статкевич жана Дмитрий Вус 6 жана 5 жарым жылга түрмөгө кесилишти. Буга чейин, 20-майда дагы эки экс-талапкер Владимир Никляев менен Витал Римашевски былтыр декабрда талаштуу президенттик шайлоодон кийин башталган нааразылык акцияларын уюштурган деген айып менен эки жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Оппозиция шайлоонун бурмаланганын ырастап келген. Айдын башында болсо президент Александр Лукашенканын негизги атаандашы Андрей Санников 5 жылга абакка кесилген. Батыш бул сот иштерин саясий заказ деп сындады.