“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева парламентте бүгүн июнь окуясы боюнча видео тасма көрсөтүлгөндөн кийин анын үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыздап берүү өтүнүчү менен күч органдарына кайрылды.
“Видео тасма көрсөтүлгөндөн кийин кысым көрсөтүүлөр болот. Мындан да жаман кыйынчылыктар болот. Ошондуктан күч органдарынан менин үй-бүлөмдүн коопсуздугун камсыз кылып берүүнү суранам”- деди депутат. Видео тасма Жылдыз Жолдошеванын жеке архивинен алынган.
«Коогалаң» деген аталыштагы видео тасмада июнь коогасынын хронологиясы көрсөтүлгөн. (EK)