Лондондо Обама менен Камерондун сүйлөшүүлөрү өтөт

АКШ президенти Барак Обама менен Британ премьер-министри Дэвид Камерон бүгүнкү сүйлөшүүлөрүндө Ливиядагы кырдаалга кайрылып, бул өлкөнүн лидери Муаммар Каддафиге каршы бирдиктүү турумун көрсөтөөрү күтүлүүдө.

АКШ президенти бүгүн британ парламентинде Европадагы бул жолку сапарынын башкы темасы – АКШ менен Европа глобалдык коопсуздук менен байланышкан маселелерде жетектөөчү ролду аткаруусун баяндаган сөз сүйлөмөкчү. Обаманын Европадагы төрт өлкөгө сапары бир аптага созулат. Обама Британияга чейин Ирландияда болду.