Бүгүн депутаттар Бабановго байланыштуу масалени карайт

Жогорку Кеңештин Каржы жана бюджет, Укук тартиби, коррупция менен күрөшүү боюнча комитеттери биргелешкен жыйынга чогулат. Анда мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболовдун биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановго байланыштуу айткан маалыматтары талкууга алынмакчы.

Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов "“Мегаком” компаниясындагы окуяларга жана айрым коррупциялык иштерге аралашкан" деген Байболовдун маалыматтарынан кийин 14-апрелде убактылуу кызматтан чегинген.

Ага карата коюлган дооматтарды депутаттык комиссиялар иликтеп чыккан. Социал-демократтар фракциясынан депутат Токтогул Туманов жетектеген бул комиссия Бабановго тийиштүү айыптоолор далил таппаганын билдирип, Бабанов 16-майда жумушка кайра чыккан. Ал эми оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынан депутат Өмүрбек Абдрахманов башында турган комиссия Бабановдун “Мегакомду” басып алууга тиешеси бар экенин, Кыргызстан жарандыгын мыйзамсыз алгандыгын айтып чыккан. (КЕ)