АКШда торнадодо набыт болгондордун саны өсүүдө

АКШнын Миссури штатынын Жоплин шаарында мерт болгондордун саны 89га жеткени тастыкталды. Шаардын үчтөн бир бөлүгү кыйрагандыгы кабарланууда. Минесота штатындагы Миннеаполис шаарында катуу куюндан 1 киши өлгөнү айтылууда. Мындан бир айга жетпеген убакыт мурда эле АКШнын жети штаты торнадого кабылганда 330дан ашуун киши каза тапкан болчу