Исландияда жанар тоо атылып, аэропорт жабылды

Исландияда жанар тоо атылып, борбор шаар Рейкьявиктеги башкы эл аралык аэропорт жабылды. Бийлик дагы бир нече аэропорт жабылышы мүмкүн деп маалымдады. Тоодон атылган күл менен түтүн аралды каптоодо, бирок анын Европага карай жылуу мүмкүнчүлүгү төмөн, - деп кабарлады Рейкьявик аэропортунун маалымат катчысы.

Өлкөнүн түштүк-чыгыш чөлкөмүндө жайгашкан Гримсвотн вулканы акыркы жолу 2004-жылы атылган. Былтыр Исландиядагы Эйафьяллокулл жанар тоосу атылгандан кийин Европада бир нече күнгө аба каттамы үзгүлтүккө учураган. Европанын түндүгүндө орун алган бул арал активдүү вулкандар боюнча биринчи орунда турат.