Арсен Эралиев - Азия чемпиону

Ташкенде өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында 55 кг. салмактагы Арсен Эралиев алтын медалдын ээси болду. Чемпионатта кыргыз балбандары: Канат Бегалиев, Азат Койчуков, Азат Бейшекулов жана Азамат Эркинбаев бүгүн мөөрөй талашмакчы. Мелдешке 22 өлкөнүн спортчулары катышууда. (EK)