Руандада тоолордо жашаган 22 гориллага ат берилет. Жаратылышты коргоо жана туризм министри Рик Рвигамба "муну менен жок болуп бараткан маймылдын бул түрүн сактап калуу аракети көрүлүүдө",-дейт.
Улуттук паркта февраль айында туулган жаныбарларга ысым берүү салтанаты 18-июнда өткөрүлөт. Былтыр гориллаларды көрүү үчүн келген зыяратчылар таштаган акча туризмден түшкөн жалпы каражаттын 90 пайызын түзгөн. 2010-жылкы каттоого караганда, соңку 7 жылдын ичинде тоолорду байырлаган гориллалардын саны төрт эсеге өскөн.
Руандадан тышкары аларды Уганда жана Конго демократиялык жумуриятында көрсө болот.