Аба ырайы

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 21-майда түнкүсүн айрым, күндүз көпчүлүк жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 17...22, Талас облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20, Баткен облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19...24, күндүз 20....25, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 11...16 градус жылуу болот. Тоолордо түнкүсүн ...-5...-10, күндүз 0...5 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында 21-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9..11, күндүз 20...22 градус жылуу болот. (EK)