Коогалаңда жабыркагандарга психологиялык жардам көрсөтүлүүдө

Июнь коогасында жабыркагандарга психологиялык жактан колдоо көрсөтүү үчүн Жалал-Абад шаарында борбор ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул өңдүү борбор жакынкы күндөрү Ош шаарында да ачылат.

Учурда психолог жана психиатрлардан турган үч мобилдик топ Жалал-Абад жана Ош шаарынын тургундары үчүн кызмат көрсөтүүдө. Алар үчүн Кыргызстан психиатриялык ассоциациясы 10-13-май күндөрү атайын окууларды өткөргөн. Иш-чарага Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму демилгелик кылып, Орусия өкмөтү каржылоодо.

Өткөн жылкы июнь коогалаңында, Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 427 адам ажал таап, эки миңге жакын адам ар кандай деңгээлде жараат алышкан. Мындан сырткары 33 адамдын жасаты тааныла элек. Ошол эле учурда 23 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде турат. (EK)