Бүгүн “Манас” эпосунун күнү белгиленет


Бул тууралуу “Азаттыкка” манасчы Рыспай Исаков билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн бардык аймактардан келген манасчылар ЭлТР каналы аркылуу түз эфирде манас айтышат. Иш-чара эпостун кадыр-баркын көтөрүүнү максат кылат. “Манас” күнү ЭлТР каналы жана бир катар манасчылардын демилгеси менен белгиленүүдө. (KKs)