Студенттер улут аралык сабырдуулукка үндөшөт

Студенттердин укук коргоо кыймылы 21-майда Бишкектеги Эркиндик гүл багында улут аралык сабырдуулукка үндөгөн акция өткөрүшөт. Жаштар анда июнь коогасын эске салып, Бишкек көчөлөрүндө жөө жүрүш өткөрүп, акция алкагында сынактар уюштурат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Студенттердин укук коргоо кыймылынан Бурул Султанкулова билдирди. (EK)