Өкмөт күйүүчү май аткезчилигин көзөмөлгө алат

Кыргызстандагы күйүүчү майлардын коңшу өлкөлөргө контрабандалык жол менен чыгарылышын алдын алуу үчүн чек аралар катуу көзөмөлгө алынат. Өкмөт башчы мындай тапшырманы чек ара жана бажы кызматтарына, укук коргоо органдарына бергенин вице-премьер-министр Шамиль Атаханов билдирди. Бул чара Орусия башка өлкөлөргө чыгуучу күйүүчү майларга экспорттук төлөмдү жогорулаткандан кийин, аткезчилердин көбөйүшүнөн улам жасалууда. Буга чейин ири көлөмдөгү күйүүчү майлар Кыргызстандан Тажикстанга мыйзамсыз ташылып жатканы тууралуу кабарлар тараган. (KKs)