Былтыр апрелде Ай үй алдында ок жегендер азырка чейин четинен каза таап жатат. Бул тууралуу Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов бүгүн Бишкекте өткөн “Учурдагы жаштар: көйгөйлөр жана келечек” аттуу форумда белгилей кетти. Министрдин айтымында, алардын бирөө - Балыкчы шаарынын тургуну Садыбек Асанкулов, экинчиси – Бишкектин Ленин районунда жашаган Абдирагим Бектуров. Ошентип төшүнө тийген октон жакшы боло албай, жакында эле көз жумган бишкектик жигит менен апрель окуясынан ажал тапкандардын саны 92ге жетти. (EK)