Бүгүн Ысык-Көлдө кыз ала качууга каршы акция өтөт

Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чаранын демилгечиси "Мыйзам демилге" аялдарынын альянсынын жетекчиси Банур Абдиева билдирди. Бул акция “Ачылбаган гүлдөр” деп аталып, Ысык-Көл облусунда кыздарды ала качуу көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатын көздөйт.

Иш-чарада зордуктоонун курмандыгы болгон кыздар эскерилип, коомчулукка кайрылуу каты жолдонот. Жакында аталган облуста Венера Касымалиева жана Нурзат Калыкова деген эки кыз ала качуудан кийин өз жанын өздөрү кыйган. (KKs)