Кыргызстанда никенин төмөнкү расмий курагы өзгөрдү

“Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө мыйзам долбоорун бүгүн Кыргыз парламентинин билим берүү, маалымат жана диний саясат комитети талкуулап, жактырды. Долбоордо турмуш курчу жаштардын курагы 17 жаштан кем болбошу керек жана никеси мамлекеттик каттоого сөзсүз алынышы керек деген өзгөртүү бар. Бул тууралуу Жогорку Кенештин «Ар намыс» фракциясынан депутаты Айнуру Алтыбаева билдирди.

Азыр иштеп жаткан Кодексте турмушка чыгуунун төмөнкү чеги 18 жаш. Жүйөөлүү жагдайларда 16 жаштан баштап улан-кыздар турмуш кура алышат. (EK)