Чүйдө жер термелди

Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн эртең мененки саат сегиз жарымдар чамасында Чүй облусунун аймагында күчү 3 баллга чейин жеткен жер силкинүү катталды. Анын очогу Бишкектен түштүк-чыгышты көздөй 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Силкинүүнүн күчү Бишкек жана Кант шаарларында 2-3 баллга жетти. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор болгон жок. (KKs)