"Тотал" жана "Газпром" Боливияда чогуу иштейт

Франциянын “Тотал” жана Россиянын “Газпром” компаниялары Боливиянын газ кендерин биргелешип иштетишет. Бул жөнүндө Боливиянын өкмөттүк мунай-газ компаниясынын башчысы Карлос Виллега жарыя кылды. Анын билдиришинче, “Тотал” менен “Газпром” биргелешип түзгөн консорциум Боливиянын чыгышындагы жана түштүгүндөгү эки кенди иштетет. Бразилия жана Аргентина көгүлтүр отунду негизинен Боливиядан алат.