Португалия 78 млрд. евро кредитти тапты

Европа Биримдиги Португалияга колдоо иретинде 78 миллиард евро (110 млн. АКШ доллары) бермек болду. Уюмдун финансы министрлери 16-майда билдиргенге караганда, бул акчанын үчтөн бири Евробиримдиктин корунан, үчтөн бири евромейкиндиктин эсебинен, а 26 млрд. еврону Эл аралык валюта кору - МВФ берет. Өз кезегинде Португалия бюджеттик тартыштыкты 2013-жылга Евробиримдиктин нормасына же 3 процентке түшүрүшү шарт. Былтыр Португалиянын бюджеттик дефицити ички дүң жыйымдын 9,1 процентин түзгөн. Буга чейин еврозонага кирген Грекия жана Ирландия мамлекеттик карызды жабуу үчүн Евробиримдиктен карыз алган.